182-статья. Биржалык бүтүмдөр


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›7-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 182-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Биржада жүгүртүлүүгө жол берилген мүлккө (товарларга, баалуу кагаздарга жана башкаларга) карата укуктарды жана милдеттерди өз ара өткөрүп берүү жөнүндөгү макулдашуу биржанын катышуучулары тарабынан товардык жана фонддук биржалар жөнүндөгү мыйзамда жана биржалык уставдарда (биржалык бүтүмдөр) белгиленген тартипте биржалык чогулушта түзүлөт.

Биржалык бүтүмдөр далдалчылык кат катарында түзүлө алат. Бүтүмдөр биржада катталууга тийиш.

2. Биржалык бүтүмдөргө алардын маңызына жараша, эгерде мыйзамдардан, тараптардын макулдашууларынан же бүтүмдүн маңызынан башка келип чыкпаса, тийиштүү келишим (сатып алуу-сатуу, комиссиялоо ж.б.) жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

Мыйзам же биржалык уставдар тарабынан тараптардын жашырын жана алардын макулдугусуз ачыкка чыгарылууга болбогон сырды түзгөн шарттар каралышы мүмкүн.

Мында, террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген маалыматтарды алууда тараптардын макулдашуусу талап кылынбайт.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы