16-статья. Моралдык зыянды компенсациялоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 16-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
Эгерде жаранга анын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу же болбосо жаранга таандык болгон материалдык эмес байлыктарга зыян келтирүүчү же болбосо жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу аракеттер менен моралдык зыян (денесине зыян келтирүү же көңүлүн оорутуу) келтирилсе, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда, сот укук бузуучуга аталган зыяндын ордун акчалай компенсациялоо милдетин жүктөй алат.
Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмүн аныктоо учурунда сот укук бузуучунун күнөөсүнүн даражасын жана башка көңүлгө ала турган жагдайларды эске алат.
(Бөлүк КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)