15-статья. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан келтирилген зыяндардын ордун толтуруу
12.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 15-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын же бул органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин), анын ичинде мамлекеттик орган, ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык келбеген актыны чыгаруунун кесепетинен гражданга же юридикалык жакка келтирилген зыяндын орду, мыйзамдарда каралган учурларда мамлекет тарабынан толтурулууга тийиш.