153-статья. Кооперативдерди түзүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›5-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 153-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

Кооперативдер продукцияларды өндүрүү, кайра иштетүү, сатып алуу жана сатуу, агрардык-техникалык сервис, ташуу, сактоо, куруу, тейлөөнүн турмуш-тиричилик жана башка түрлөрү, пайдалуу кендерди жана башка табигый ресурстарды казып алуу, илим-изилдөө, долбоорлоо-конструктордук иштерди жүргүзүү, камсыздандыруу, кредит берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштер боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн жеке жана /же, юридикалык жактар тарабынан ыктыярдуу негизде түзүлөт.

Кооперативдин мүчөлөрүнүн саны, эгер кооперативдердин адистештирилген ишинин негизинде мыйзамдарда башка аныкталбаса жетиден кем болбоого тийиш.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)