152-статья. Кооперативдин түшүнүгү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 152-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
Кооператив - граждандардын жана юридикалык жактардын мүчөлүгүнүн, уставда каралган биргелешкен чарбалык жана башка ишти демократиялык башталыштарда уюштуруу аркылуу жана анын мүчөлөрүнүн пайлык мүчөлүк акыларын бириктирүүнүн негизинде, өздөрүнүн материалдык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатын көздөгөн ыктыярдуу бирикме.
Кооперативдер юридикалык жактар болуп эсептелет жана коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдар формасында түзүлүшү мүмкүн.
Кооперативдердин укуктук абалы, ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан аныкталат.
Турак жай жана турак жай-курулуш кооперативдеринин мүчөлөрүнүн алар турак жайга менчиктик укугун алгандан кийинки укуктары менен милдеттери ушул Кодекс жана "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Кредиттөө жана башка банктык операциялар боюнча ишти жүзөгө ашыруучу финансылык кооперативдердин (кредиттик союздардын) укуктук абалы кредиттик союздар жөнүндө мыйзамдарда белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын, 2004-жылдын 11-мартындагы № 20 , 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)