126-1-статья. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиги


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ›5-Глава

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 126-1-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Венчурдук фонд венчурдук фонддун коммандиттик шериктештиги формасында түзүлүшү мүмкүн. Венчурдук фондордун коммандиттик шериктештигинин фирмалык аталышы шериктештиктин аталышын же болбосо бир толук шериктештин атын (аталышын) жана "венчурдук фонд" деген сөздөрдү камтууга тийиш.

2. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине карата ушул Кодекстин толук шериктештик жөнүндөгү эрежелери колдонулбайт.

3. Жак венчурдук фонддордун бир нече коммандиттик шериктештигинде толук шериктеш боло алат.

4. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигиндеги толук шериктеш толук шериктештиктин катышуучусу боло албайт.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)