40-берене. Иденттүүлүккө укукту коргоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.07.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. САНАРИП ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕР›7-глава. Санариптик идентификациялоо

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 40-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.

1. Ушул Кодексте же мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары эч ким идентификациялоого (анын ичинде конкреттүү идентификаторду көрсөтүү жолу менен) мажбурланышы мүмкүн эмес.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери, санарип чөйрөсүндөгү ошол эле укуктук мамилелердин башка катышуучулары укуктарын жүзөгө ашыруу жана милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгондон көп иденттүүлүктү сактоого милдеттүү эмес.

3. Эгерде мындай бириктирүү субъекттердин иденттүүлүккө укугун бузса же мындай укугун коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратса, идентификаторлорду камтыган санарип жазмаларын бириктирүүгө жол берилбейт.

4. Кыргыз Республикасы өзүнүн ар бир жаранына өмүр бою колдонулуучу уникалдуу ачык идентификаторду берет, ошондой эле өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык башка мамлекеттердин жарандары, жарандыгы жок адамдар жана уюмдар үчүн идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.