33-берене. Санарип сервисин берүүчү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. САНАРИП ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕР›6-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери
Кыргыз Республикасынын Кодексинин 33-беренеси, 31.07.2025 редакциясы.
1. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, санарип сервисин берүүчү санарип сервисин пайдалануунун шарттарын өз алдынча аныктайт.
2. Санарип сервисин берүүчү өзүнүн сайтында же тиркемесинде санарип сервиси жөнүндө төмөнкүдөй метадайындарды жалпыга жеткиликтүү кылууга милдеттүү:
1) берүүчүнүн аталышын;
2) берүүчүнүн юридикалык дарегин;
3) берүүчүгө түз жана натыйжалуу кайрылууга мүмкүндүк түзгөн берүүчүнүн байланыш маалыматын;
4) берүүчүнүн мамлекеттик же ушундай коомдук реестрде катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды, анын катталган номерин же бул реестрде идентификациялоонун эквиваленттүү каражатын;
5) санарип сервисине карата талаптарды белгилөөчү колдонуудагы мыйзамдарга шилтемени;
6) санарип сервисине кошулуу үчүн зарыл болгон чараларды;
7) санарип сервисин пайдаланууга болгон чектөөлөрдү.