94-берене. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоорун түзүүнүн тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IX БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕСС›19-глава. Бюджеттер долбоорлорун түзүү
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 94-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.
1. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоору Министрлер Кабинети бекиткен тартипке жана мөөнөттөргө ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн календардык планын эске алуу менен ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.
2. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин долбоорлору Министрлер Кабинетине кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 15-сентябрынан кечиктирилбестен берилет.
3. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин долбоорлору Министрлер Кабинети тарабынан каралат жана кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджеттин долбоору менен бир убакта Жогорку Кеңешке кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен берилет.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)