70-берене. Министрлер Кабинетинин компетенциясы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VIII БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕССТИН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ›15-глава. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 70-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.

Министрлер Кабинети бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:

1) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жана кабыл алуусуна берет жана анын аткарылышын камсыз кылат;

2) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчетту Жогорку Кеңештин кароосуна берет;

3) тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

4) экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат;

5) бюджеттик-каржылык, инвестициялык саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) Кыргыз Республикасына берилген тышкы жардамдарды жана түздөн-түз инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;

7) Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча тышкы жардамдарды жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу программаларынын долбоорлорун карайт жана жактырат;

8) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын кабыл алат;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)