66-берене. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
VII БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КАРЫЗ›14-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан карызга алуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 66-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.
1. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу кыска мөөнөттүү зайымдарды алуу боюнча карызды кошпогондо, жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү программаларынын алкактарында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, бюджеттин тең салмактуулугун камсыз кылуу жана азыркы муниципалдык карызды кайра каржылоо максатында жүзөгө ашырылат.
2. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Чыгарылуучу муниципалдык баалуу кагаздардын конкреттүү түрү жана көлөмү жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)