55-берене. Максаттуу трансферттер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VI БӨЛҮМ. БЮДЖЕТ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР›11-глава. Бюджет аралык жөнгө салуу аспаптары

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.

1. Максаттуу трансферттер - белгилүү бир максаттарга бир бюджеттен башка бюджетке берилүүчү каражаттар.

2. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилет.

3. Жергиликтүү бюджеттен максаттуу трансферттер башка бюджетке берилет жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен бекитилет.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)