42-берене. Бюджеттин чыгашалары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

V БӨЛҮМ. СОЦИАЛДЫК ФОНДДУН ЖАНА МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ФОНДУНУН БЮДЖЕТТЕРИНИН ТҮЗҮМҮ›7-глава. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин түзүмү

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 42-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин чыгашалары төмөнкүлөргө багытталат:

1) милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоого;

2) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын каржылоого;

3) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана анын аймактык башкармалыктарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга;

4) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо жаатындагы ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жана башка максаттуу программаларды каржылоо боюнча саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө.";

(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)