38-берене. Бюджеттин чыгашалары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

V БӨЛҮМ. СОЦИАЛДЫК ФОНДДУН ЖАНА МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ФОНДУНУН БЮДЖЕТТЕРИНИН ТҮЗҮМҮ›6-глава. Социалдык фондунун бюджетинин түзүмү

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 38-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.

Социалдык фонддун бюджетинин чыгашалары төмөнкүлөргө багытталат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияларды жана пенсиялык топтомдорду төлөөгө;

2) каада-салттык жөлөкпулдарды төлөөгө (сөөк коюуга);

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектик мертинүүсү же кесиптик оорусу боюнча компенсацияларды төлөөгө;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоого;

5) Социалдык фонддун бюджетине кирген Социалдык фонддун жана мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддордун ишин каржылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууга;

6) Социалдык фонддун бюджетинин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фондду каржылоого;

7) Социалдык фондду өнүктүрүү фондун каржылоого;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекчилердин ден соолугун жакшыртуу фондун каржылоого;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарга.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)