34-1-берене. Жол фонду


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IV БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ИНВЕСТИЦИЯЛАР›5-глава. Бюджеттик инвестициялар

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-1-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.

Жол фонду - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өнүктүрүү жана сактоо маселесиндеги милдеттерди финансылык камсыз кылууга жана мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын бир бөлүгү.

Жол фондуна каралган бюджеттик ассигнованиелер кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен өзүнчө сапта бекитилет.

Жол фондунун каражаттарынын булактары, бул каражаттарды чыгымдоонун максаттары жана тартиби Жол фонду жөнүндө мыйзам менен бекитилет.

(КР 2022-жылдын 24-майындагы № 35, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)