32-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ИНВЕСТИЦИЯЛАР›5-глава. Бюджеттик инвестициялар
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 32-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга бюджеттик инвестициялар "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу үчүн бюджеттик инвестициялар техникалык-экономикалык негиздемесине жана долбоордун максатка ылайыктуулугуна Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген мамлекеттик органдардын экспертизасынын негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасындагы бюджеттик инвестициялардын жалпы көлөмү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акты менен белгиленет.
4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ар бир долбоору боюнча каражаттардын көлөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.