14-берене. Мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджети


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

14.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›3-глава. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутуму

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 14-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.

(Берененин аталышы КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин түзөт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин жана аны аткаруу жөнүндө жылдык отчетту ар жылы түзөт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте бюджеттерди жана аларды аткаруу жөнүндө тиешелүү отчетторду бекиткенден кийин Министрлер Кабинетине жана Жогорку Кеңешке маалымат үчүн берет.

3. Мамлекеттик бюджет жана Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун консолидацияланган бюджетин түзөт.

4. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыктыярдуу кайрымдуулуктардын эсебинен түзүлүүчү фонддорду кошпогондо, бюджеттик эмес фонддорду түзүүгө тыюу салынат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)