127-берене. Коомдук бюджеттик угуулар
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IX БӨЛҮМ. БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕСС›24-глава. Бюджеттин жана бюджеттик процесстин айкындуулугу жана ачыктыгы
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 127-беренеси, 14.10.2025 редакциясы.
1. Коомдук бюджеттик угуулар - сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруу, кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджеттердин долбоорлорун түзүү маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.
2. Коомдук бюджеттик угууларга материалдар коомдук бюджеттик угууларды өткөргөнгө чейин 10 күн мурда тиешелүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий веб-сайтында жарыяланууга тийиш.
3. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коомдук бюджеттик угуулардын катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоо документтерин жол-жоболоштурууну камсыз кылат.
4. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыктары боюнча коомдук бюджеттик угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды жалпылайт, аларды кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө аларга жоопторду жиберет.
5. Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2018-жылдын 18-июлундагы № 69, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)