86-статья. Жоюлуучу көлөмгө киргизилбеген мүлк


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

7-ГЛАВА КАРЫЗДЫ ТӨЛӨП БЕРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ ЖАНА КЕЗЕКТҮҮЛҮГҮ

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

1. Карыз тараптын атайын администрациялоо иши башталган учурдагы болгон жана ошол иштин учурунда аныкталган бардык мүлкү ушул статьянын башка пункттарды эске алуу менен жоюлуучу көлөмдү түзөт.

2. Карыз тараптын жоюлуучу көлөмдү түзгөн мүлкүнөн жүгүртүүдөн алынып коюлган мүлк, жеке ишкер карыз тараптын жеке өзүнө байланышкан мүлк укуктары, анын ичинде ишкердиктин айрым түрлөрүн ишке ашырууга уруксатка (лицензияга) негизделген укуктары, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык рекультивациялоо эсебиндеги болгон лизинг буюмзаттары, акча каражаттары, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка мүлктөр жана укуктар алынып салынат.

Карыз тараптын мүлкүнүн курамында жүгүртүүдөн алынып коюлган мүлк болсо, атайын администратор бул мүлктү аталган мүлктүн катышуучусуна өткөрүп берүүгө милдеттүү. Мүлктүн катышуучу атайын администратордон билдирүү алгандан кийинки бир айлык мөөнөттө бул мүлктү кабыл алууга же башка тараптарга бекитип берүүгө милдеттүү. Андай болбосо бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин аталган мүлктү сактоо боюнча бардык чыгымдар анын катышуучусуна жүктөлөт.

3. Күрөөнүн заты жоюлуучу көлөмгө кирбейт. Күрөө менен камсыз болгон кредитор күрөө жөнүндө мыйзамда же келишимде каралган негиздер келип чыкканда өзүнүн күрөөнү алууга карата кайрылуу укугунан пайдаланып, карыз тараптын мүлкүн (күрөөнүн затын) алып кое алат.

Атайын администратор күрөө кармаган кредитор менен макулдашуу боюнча мыйзамда же тараптардын макулдашуусунда каралган ар кандай ыкма менен же тартипте күрөө затын бөлүп алат жана бөлүнүп алынган каражаттарды мындагы атайын администратор тарткан чыгымды чыгарып салып, күрөө менен камсыз болгон кредиторго өткөрүп бере алат.

Мындай учурда күрөө менен камсыздалган кредитордун күрөөнү саткандан алынган сумманын чегиндеги талаптары биринчи кезекте төлөнөт.

4. Эгерде күрөөнү саткандан түшкөн сумма күрөө менен камсыздалган кредитордун талаптарын толук канааттандырууга жетишсиз болсо, анда талаптын канаттандырылбай калган бөлүгү ушул Мыйзам тарабынан каралган тартипте жана шарттарда жалпы кезек боюнча төлөнүүгө тийиш.

5. Жоюлуучу көлөм атайын администратор тарабынан бөлүнүп алынгандан кийин кредиторлордун ортосунда бөлүнүүчү сумма банкрот ишинин чыгымдарын чыгарып салгандан кийин жоюулуучу коомдун курамына кирген активдерди бөлүп алгандан түшкөн пайданы (сатуудан түшкөн таза пайда) билдирет.

6. Банкрот процессинин сарптоолору банкроттук жол-жобосу жөнүндө кабарлоолорду жарыялоого чыгымдарды, соттук чыгымдарды, документтерди илимий-техникалык иштетүүгө чыгымдарды, атайын администратордун (убактылуу администратордун) чыгымдарын, атайын администратордун сыйакысын, аудитордун сыйакысын, ошондой эле атайын администратор (убактылуу администратор) карыз тараптын чарбалык ишин улантуу керек деп эсептеген мезгилдин ичиндеги карыз тараптын мүмкүн болуучу чыгымдарын жана башка чыгымдарды камтыйт.

Эгерде кредиторлордун чогулушунда (соттон тышкары тартипте) жана (же) сот тарабынан (сот тартибинде) башкача белгиленбесе, банкроттук процессинин сарптоолору жоюлуучу массадан бөлүп алуудан алынган каражаттардан 50 пайыздан көп эмес өлчөмдө карыз тараптын каражаттарынын эсебинен орду толтурулат.

7. Атайын (убактылуу) администратордун чыгымдары алар тарабынан түзүлгөн бүгүмдөрдөн келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарбоонун же туура эмес аткаруунун натыйжасында келтирилген чыгымдардын (моралдык зыянды компенсациялоо) ордун толтуруу боюнча сумманы кошо алганда, жалданып иштеген атайын (убактылуу) администратордун, кызматкерлердин эмгегегине акы төлөө боюнча) милдеттенмелер боюнча сумма болушу мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)