85-статья. Карызды төлөп берүүдө кезектүүлүктү сактоо боюнча жалпы эрежелер
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
7-ГЛАВА КАРЫЗДЫ ТӨЛӨП БЕРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ ЖАНА КЕЗЕКТҮҮЛҮГҮ
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
Атайын администратор карыз тараптын активдерин сатуудан түшкөн каражатты төмөнкү эрежелерге таянуу менен жана ушул Мыйзамдын 55-1-статьясынын талаптарын эске алуу менен бөлүштүрөт:
1) ал активдерди сатууга жана түшкөн пайданы кредиторлорго бөлүштүрүүгө милдеттүү же ал аны пайдалуу шартта сата албаса (түшкөн пайда сатууга кеткен чыгымдардан ашпаса), карыздарды төлөөнүн эсебине, тиешелүү кезектеги кредиторлордун макулдугу менен кредиторго активдерди түз өткөрүп бере алат;
2) кийинки кезектеги ар кандай кредитордун карызын төлөөдөн мурда андан мурдагы кезектеги ар бир кредитордун талаптары толугу менен канаттандырылууга тийиш;
3) бир кезектеги кредиторлордун талабын канаттандырууда бир кезектеги бардык кредиторлор өз ара бирдей абалда болот жана төлөп берүүдө аларга карыз катары төлөнүүчү суммага жараша бирдей укуктарга ээ болот.
Эгерде бир кезектеги бардык кредиторлорго толук төлөп берүүгө каражат жетишпесе, карыз тараптын карызынын үлүшүнүн көп бөлүгүн талап кылган кредитор көбүрөөк пропорцияда ордун толтуруп алат;
4) эгерде кандайдыр-бир мүлк бир нече анык күрөөнүн предмети болуп саналса, анда күрөө менен камсыз кылынган мындай кредиторлордун ичинен артыкчылык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат;
5) кредиторлордун мыйзамдарда берилген убакыттан кийин коюлган талаптары карыз тараптын талапты убагында койгон кредиторлордун талабы канааттандырылгандан кийин калган менчигинен канаттандырылат.
6) кредиторлордун талабы төмөнкүдөй учурларда төлөнүн берилди деп эсептелинет:
а) эгерде талаптар ушул Мыйзамда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 104-статьясында каралгандан башка учурларда, карыз тараптын мүлкүнүн жетишсиздигинен улам канааттандырылбаса;
б) эгерде кредиторлордун талабы атайын администратор жана кредитор тарабынан сотко доо менен кайрылган жок деп табылса, ошондой эле соттун чечими менен кредитордун талабын канааттандыруудан баш тартышса;
в) эгерде кредиторлордун талабы атайын администрациялоо жол-жобосу аяктагандан кийин коюлса жана банкрот жөнүндө иш боюнча мамлекеттик орган тарабынан жол-жобо аяктагандан кийин ушул Мыйзамдын 55-1-статьясынын 9-пунктуна ылайык активдер алынса жана кредитор андан аркы активдерди сатуудан алынган пайданы жогорку орган бөлүштүргөнгө чейин өзүнүн талабы тууралу банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органга билдирбесе.
7. Талаптарды тындырылган деп таануу, алар кийин карыздарга доо коюлбайт дегенди билдирет. Тиешелүү суммалар кредитор тарабынан дебитордук карыздан чыгарылып салынууга тийиш.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)