87-статья. Төлөмдөрдүн кезектүүлүгү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

7-ГЛАВА КАРЫЗДЫ ТӨЛӨП БЕРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ ЖАНА КЕЗЕКТҮҮЛҮГҮ

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 87-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

1. Мүлктү (активдерди) сатуудан түшкөн таза пайда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-статьясында каралган кезекте бөлүштүрүлөт.

2. Эгерде карыз тараптын катышуучусу бир эле учурда карыз тараптын кредитору да болуп саналса, анын кредитор катарында талабы башка кредиторлор менен катар эле тиешелүү кезек менен канааттандырылат.

Карыз тараптын катышуучусу карыз тарапты атайын администрациялоо учурунда карыз тараптын Уставдык капиталына салымдарды кайтарып берүү боюнча талаптардын бөлүгүндө кредитор болуп саналбайт. Мындай талап карыз тараптан карызды кайтаруу боюнча талап болуп саналбайт жана кредиторлордун талаптарынын реестрине кирген кредиторлордун бардык талаптарын канааттандыргандан кийин гана канааттандырылат.

Кредитордун бардык талабын канааттандыргандан кийин калдыктар карыз тараптын катышуучуларына берилет.

3. Милдеттенмелердин негизинде кредиторго таандык талаптар мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда бүтүм (талапты өткөрүп берүү) боюнча кайсы кезектеги кредиторго кошуу менен башка жакка өткөрүп берилиши мүмкүн.

4. Карыз тараптын банкроттук процесси башталганга чейин ошондой эле анын банкроттук процессинде ар кандай кредитор башка кредиторлордун пайдасына кезектүү укугунан баш тартууга укуктуу. Кезектүүлүк укугунан баш тартуу талап кылуу укугун токтото албайт. Мындай баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишим менен толтурулат жана атайын администратор үчүн жарактуу болуп саналат.

5. Атайын администратор кредитордун талабын канаттандыруудан баш тарткан же аларды кароодон четтеген учурда кредитор атайын администратордун биротоло отчету бекитилгенге чейин атайын администратордун үстүнөн сотко арыз менен кайрылууга укуктуу. Соттун чечими боюнча кредитордун талабы карыз тараптын калган мүлкүнүн эсебинен ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык канаттандырылышы мүмкүн.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 1999-жылдын 7-июлундагы № 64, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)