ЗАГС, 2012-жылы сот аркылуу ажырашып азыркы күнгө чейин экөөбүз эки башка шаарда жашайбыз
№58858 | 25.11.2023 | Просмотров: 218
2012-жылы сот аркылуу ажырашып азыркы күнгө чейин экөөбүз эки башка шаарда жашайбыз. 2 балам мен менен.
2015-жылы күйөөм келип жарашам силерди квартира бергенде алып кетем деп кайра ЗАГС жаздырган. Балдарга алимент төлөбөйт, жашообузга жардам бербейт. 30.12.2019-жылы иштеген жеринен квартира алды, бирок мага ‘эми сенин мага керегиң жок » дейт.
Эми ЗАГСты сот аркылуу жараксыз деп ажырашсам болобу? Эгер ЗАГС жараксыз деп табылса, жумушунан берилген квартирадан чыгарылып калабы?
Рахмат.
Саламатсызбы. Никелешүүнү сот аркылуу жокко чыгаруу мүмкүн эмес, анткени сиз жолдошунуз менен жарашкандан кийин кайрадан никеге туруп нике күбөлүгүн алып жашап тургансыз (зорлуктап мабурло болбосо). Ал эми азыркы учурда абалыныз боюнча: Сиз эки балага алимент өндүрүү боюнча жана кайрадан никени ажыратуу жөнүндө доо арыз менен кайрадан сотко кайрылганыныз он.
Саламатсызбы!
Коллегамдын жообуна кошумча: кайрадан сотко кайрылып, никенерди бузуп берууну, балдарынызга алимент ондуруп берууну жана ал алган квартираны тен болуп берууну сураныныз.
Урамытм менен, А. Сыдыков.
Контакттар: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.