Мен үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жумуштан кетүүгө аргасыз болуп жатам
№51952 | 08.07.2023 | Просмотров: 559
Мен үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жумуштан кетүүгө аргасыз болуп жатам. 1 ай мурун директорго абалымды түшүндүрүп жумуштан 1айдан кийин кетеримди айткам.
Азыр директорубуз алмашып, жаңы директорубуз сен 2жума мурун арыз жазышын крк деп жатат? Кандай кылсам болот?
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 82-беренесинин талаптары боюнча эмгек келишимин бузууга ал тууралу иш берүүчүгө 2 жума эрте (14 календардык күн) жазуу жүзүндө арыз берүү менен бузууга укугунуз бар. Негизиненен тараптардын макулдашуусу боюнча эмгек келишими эскертүү мөөнөтү бүткөнгө чейин да бузулушу да мүмкүн.