Сертификат номерди кайсыл жерден алабыз
№121157 | 07.09.2026 | Просмотров: 166
Унаа сатылган номер сертификат өзүбүздүн атыбызда, довернис жазып бергенбиз азыр болсо унааны оформиления кылды эми номерди кайсыл жерден таап алабыз жаңы унаага салалы дедик эле номерди кайсыл жерден алабыз билбей жатабыз Кара Суу дан алынган номер унаа Өзгөн гө номер ди алыш керек 06KG121ADL
Саламатсызбы!
Эгер 06 KG 121 ADL номеринин сертификаты сиздердин атыңыздарда болсо жана сертификатты башка адамга өзүнчө өткөрүп бербесеңиздер, номерге болгон укук сиздерде калат. Унаага берилген ишеним кат сертификатка болгон укукту автоматтык түрдө өткөрбөйт.
Унааны кайра каттоодо эски номер кайсы аймактык бөлүмгө тапшырылганын аныктоо керек. Эгер переоформление Өзгөн бөлүмүндө жүргүзүлсө, биринчи ошол жерге кайрылыңыздар:
Өзгөн бөлүмү: Өзгөн району, Шералы айылы, А. Акматов көчөсү, 11б.
Өзүңүздөр менен төмөнкүлөрдү алып барыңыздар:
Өзгөчө комбинациядагы сертификаттуу номер тапшырылган күндөн тартып бир жыл сакталат. Ошондуктан мөөнөттү өткөрбөй кайрылуу зарыл. Номерди жөн эле алып, унаага тагууга болбойт — ал жаңы унаага расмий катталып, техпаспортко киргизилиши керек.
Эгер номер кайсы бөлүмдө экени белгисиз болсо, мамлекеттик борбордун 0995-005-005 номерине чалып, 06 KG 121 ADL боюнча реестрден текшерүүнү сураңыздар.
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.