Толук расчет алуу
№115069 | 04.12.2024 | Просмотров: 232
Саламатсызбы.
Мен иштен мыйзамга ылайык мөөнөтүм жетип жетекчилик кызматтан кеттим. Бирок мен бул 2024-жылы отпуска албай калдым. Мен эми окончательный расчет аламбы. Отпускам эмне болот.
Окончательный расчет канча күнгө чыгат?
Саламатсызбы,
28-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өргүүсү
1. Кызматчыга мыйзамдарда белгиленген тартипте жыл сайын ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөө менен 30 календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү берилет.
1-1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык иш стажы болгондо ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө узартылат. 2. Кызматчынын каалоосу боюнча өргүү бөлүп берилиши мүмкүн. Мында биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календардык күндөн аз болушу мүмкүн эмес. 3. Өргүү бүткүл мезгилге же жарым-жартылай таризделгенине карабастан, акы төлөнүүчү өргүүнүн бүткүл суммасы өргүү таризделгенде төлөнөт. 4. Кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ал өргүүдөн мөөнөтүнөн мурда чакыртылышы мүмкүн эмес. Өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрү үчүн эс алуудан баш тартылган учурда өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрүнө пропорциялуу өлчөмдө компенсациялык сумма төлөнөт. 5. Айрым учурларда кызматчыга анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан эмгек акысын сактабастан өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматчы менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 27-октябры № 125 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» (КР 2022-жылдын 18-январындагы №4, 2022-жылдын 6-июну № 41, 2023-жылдын 25-январындагы № 14, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 190 , 2024-жылдын 7-февралындагы № 39 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакцияларына).Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbek@azimbaev.pro
httрs://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
Twitter: @MuratbekAz
ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом «Дисклеймер».