ТСЖ, ким берет грантты?

№35751 | 02.05.2021 | Просмотров: 726

Биринчи жолу ТСЖ га өткөндө ремонт үчүн грант бөлүнөт деп айтышат.

Ким берет? Кимге кайрылуу керек? Канча болот суммасы?

Подписаться
Уведомить о
4 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
02.05.2021 11:47

Доброго дня, никто такие гранты не дает, восстановление/ремонт дело самих собственников квартир ТСЖ. Удачи и здоровья Вам.

Юрист
02.05.2021 13:29

Салматсыналарбы! 1) Гранттар берилбейт ТСЖ тузулгондо.  Андай уймдар жок азыр убакытта.  2) "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" КР мыйзамы 2013-жылдын 9-июлу № 122  httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/203930/20?cl=ky-kg&mode=tekst негизинде:  Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктиги — көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү (кыймылсыз мүлк комплексин) биргелешип башкаруу, ошол комплексти эксплуатациялоону камсыз кылуу, ээлик кылуу, пайдалануу жана мыйзамдарда белгиленген чектерде көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү тескөө үчүн көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын (менчик ээлери) менчик ээлери тарабынан уюштурулат. Мүчө болууну каалаган менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин анын мүчөлөрү болуп калышат жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн ушул Мыйзамда каралган укуктарына жана милдеттерине ээ болушат. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуп саналбаган менчик ээлери көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү түйшүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тең тартышат. Көп батирлүү бир үйдө эки же андан көп турак жай менчик ээлеринин шериктиктерин түзүүгө жол берилбейт. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүүдө жана иштөөсүндө менчиктештирилбеген турак жайларга карата мамилелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына алардын ыйгарым укуктуу органдары өкүл болот. Турак жай менчик ээлеринин шериктигин… Подробнее »

Юрист
02.05.2021 13:31

Турак жай менчик ээлеринин шериктиги төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле шериктиктин уставын аткарууну камсыз кылууга; 2) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо жөнүндө менчик ээлери менен, анын ичинде шериктиктин мүчөлөрү болуп саналбагандар менен келишимдерди түзүүгө; 3) келишим боюнча милдеттенмелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аткарууга; 4) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн талаптагыдай санитардык жана техникалык абалын камсыз кылууга; 5) ушул мүлккө жалпы менчик үлүшүнө ылайык көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо боюнча милдеттемелердин бардык менчик ээлери тарабынан аткарышын камсыз кылууга; 6) жалпы менчикке ээлик кылуунун, пайдалануунун жана тескөөнүн шарттарын жана тартибин белгилөөдө менчик ээлеринин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылууга; 7) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн менчик ээлеринин ээлик кылуу, пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде тескөө укугун ишке ашырууга бөгөт болгон же ага тоскоолдук кылган үчүнчү жактардын аракеттерине жол бербөө же токтотуу үчүн зарыл чараларды кабыл алууга; 8) менчик ээлеринин, анын ичинде үчүнчү жактар менен болгон мамилелердеги мыйзамдуу кызыкчылыктарын көздөөгө. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине документтерди өткөрүп берүү: 1. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып мурда менчик ээлери же менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкарып келген уюм ошол имаратка же имараттарга жана аларга бекитилген жер участокторуна байланыштуу бардык документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча турак жай менчик… Подробнее »

Юрист
02.05.2021 13:34

Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин каражаттары жана мүлкү: 1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигинде кыймылдуу мүлк, ошондой эле көп батирлүү үйдүн ичинде же сыртында жайгашкан кыймылсыз мүлк турушу мүмкүн. 2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин каражаттары төмөнкүлөрдөн турат: 1) милдеттүү төлөмдөрдөн, шериктиктин мүчөлөрүнүн кирүү жана башка төгүмдөрүнөн; 2) шериктиктин максаттарын, милдеттерин жүзөгө ашырууга жана аткарууга багытталган шериктиктин чарбалык ишинен түшкөн кирешелерден; 3) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү эксплуатациялоону, учурдагы жана капиталдык оңдоолорду жүргүзүүнү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн берүүнү камсыз кылуучу субсидиялардан жана башка субсидиялардан; 4) башка келип түшүүлөрдөн. 3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде уставда каралган максаттарга чыгымдалуучу атайын фонддор түзүлүшү мүмкүн. Атайын фонддорду түзүүнүн тартиби шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан аныкталат. 4. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы банктагы эсепте турган шериктиктин каражаттарын шериктиктин финансылык планына ылайык тескөөгө укугу бар. 5. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги жалпы мүлктү күтүүнү жылдык бюджетке жана шериктиктин ишинин финансылык иши жөнүндө жылдык планга ылайык камсыз кылат. 6. Эгерде жалпы мүлктүн абалын текшерүү, аны оңдоо же элементтерин алмаштыруу жүргүзүлүп жатса, аларга жетүү жайдын ичинен өтсө, менчик ээси кабарлоо алгандан кийин турак жай ээлеринин шериктигинин өкүлүн жайдын ичине киргизүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги жалпы мүлктү күтүүнү камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында менчик ээсине келтирилген… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке