1 ответ
Юрист
24.11.2026 19:38

Саламатсызбы!
Балаңыз 2026-жылдын 6-декабрында 18 жашка толот экен. Кыргыз Республикасынын жараны 16 жашка толгондо биринчи жолу ID-карта (ички паспорт) алууга укуктуу.
Өздүк турак жайынын жоктугу паспорт алуу укугунан ажыратууга негиз болуп саналбайт. Бирок жашаган жери боюнча каттоо (прописка) маселесин тактоо зарыл.
18 жашка чыкканга чейин күтүүнүн кажети жок. Азыр эле паспорт алуу үчүн кайрылсаңыздар болот.

1. Мыйзам боюнча кандай талаптар бар?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №167 токтому менен бекитилген Нускаманын 4-пунктуна ылайык (2026-жылдын 29-сентябрындагы №651 токтомдун редакциясында), паспорт алуу үчүн Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жашаган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымат болушу керек.

2. Үйүңүздөр жок болсо, эмне кылсаңыздар болот?

Төмөнкү жолдор каралган:

  • Туугандарыңыздардын үйүнө, үй ээсинин макулдугу менен каттоого туруу;
  • Ижарага алган турак жайыңыздар боюнча убактылуу каттоого туруу;
  • Эгерде туруктуу жашаган жериңиздер жок болсо, айыл өкмөтүнө, мэрияга же социалдык коргоо органына кайрылуу.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы №435 токтому менен бекитилген Жобонун 7 жана 8-пункттарына ылайык, туруктуу жашаган жери жок жарандарды тиешелүү органдардын юридикалык дареги боюнча каттоо жана паспорт алууга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү каралган.

3. Кандай документтер керек?

  • Балаңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • Ата-энесинин паспорттору;
  • Баланын жеке идентификациялык номери (ПИН);
  • Каттоого турууга негиз болгон документтер.

Балаңыз 16 жаштан өтүп кеткендиктен, паспорту жок учурда каттоого коюунун тартибин ЦОНдун жетекчилиги менен тактоо зарыл.
Эгерде документтерди кабыл алуудан баш тартышса, мыйзамдык негиздери көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү жоопту талап кылыңыздар.
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин 119 маалыматтык кызматына да кайрылсаңыздар болот.

Тактап коюңузчу: өзүңүздөрдүн үйүңүздөр жокпу же үйүңүздөр бар, бирок үйдүн документтери бүтө элекпи? Өзүңүздүн пропискаңыз барбы? Балаңыз мурда эч жерде каттоодо турган эмеспи?
Ушул жагдайларга жараша маселени чечүүнүн конкреттүү жолун сунуштоого болот.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв