Мен кыргызмын өзбекстан жаранымын

№70973 | 13.02.2021 | Просмотров: 251

Мен кыргызмын өзбекстан жаранымын кыргызстанга барып келип жүрөм бирок үйдүн кызыл книнасы жок болуп атат кандай жарандык алсам болот указ күтүшүмда керекпи

Подписаться
Уведомить о
5 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
14.02.2021 08:54

Саламатсызбы! Сиз этникалык кыргыз катары Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөнгөн тартипте ала аласыз.

Участник
14.02.2021 10:45

Саламатсыналарбы, 11-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун негиздери Кыргыз Республикасынын жарандыгына: 1) туулгандыгы боюнча; 2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуунун натыйжасында; 3) жарандыгын калыбына келтирүүнүн натыйжасында; 4) мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган негиздер же тартиптер боюнча ээ болот. 14-статья. Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу 1. 18 жашка чыккан чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылууга укуктуу 13-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленгендей, эгерде мыйзамда белгиленген тартите күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларда башкача каралбаса, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү төмөнкүдөй учурларда бир жылга чейин кыскартылат, эгерде: 1) ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган болсо; 2) Кыргыз ССРинде төрөлсө жана мурдагы СССРдин жараны болсо; 3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы калыбына келтирилет. 2. Чет мамлекеттин жарандыгы бар же жарандыгы жок, этностук кыргыз болуп саналган адамдар, Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн кайтып келгенде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган, Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн келген аял жынысындагы чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап туруунун мөөнөтү жөнүндө шарттар коюлбастан жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттар сакталбастан мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат. Аларды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу алардын башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен, башка мамлекеттин жарандыгынан алдын ала чыгуусуз эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде жүзөгө ашырылат. 3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына ушул… Подробнее »

Участник
14.02.2021 10:46

2007-жылдын 26-ноябрындагы №175 “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” КР мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 402 “Кайрылман статусун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароонун тартиби Анкеталардын жана кайрылман статусуна өтүнүчтүн үлгүлөрү Кадамдык нускама   Эскертүү: Кайрылман статусу үчүн документтерди кабыл алуу, кароо жана күбөлүктү берүү акысыз жүргүзүлөт Кайрылман статусун берүү жөнүндөгү өтүнүч катка өтүнүч берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте төмөндөгүдөй мыйзамдаштырылган документтери тиркелет: – паспорттун же аны алмаштыруучу документтин көчүрмөсү+ оригинал (Эгерде документ кыргыз, орус тилдеринен башка тилдерде жазылган болсо, документти которуп, нотариус менен тастыктоо зарыл). – туулгандыгы тууралу күбөлүктүн же ага теңештирилген документтин көчүрмөсү+ оригинал. (Эгерде документ кыргыз, орус тилдеринен башка тилдерде жазылган болсо, документти которуп, нотариус менен тастыктоо зарыл). – үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы тууралу маалымкат, – нике тууралу күбөлүктүн көчүрмөсү+ оригинал (Эгерде документ кыргыз, орус тилдеринен башка тилдерде жазылган болсо, документти которуп, нотариус менен тастыктоо зарыл). -Эгерде жашы 18ге чыга элек балдары болсо алардын паспортунун, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү+оригинал (Эгерде документ кыргыз, орус тилдеринен башка тилдерде жазылган болсо, документти которуп, нотариус менен тастыктоо зарыл). – Папка (Дело №)- 1 даана. – Конверт- 1 даана. – Фото 3*4 см- 2 даана (жалтырабаган жана бурчу бар) Жашы жете элек 10дон 18 жашка чейинки курактагы балдар ата-энелери менен кошо көчкөн учурда алардын иммиграцияга жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда өтүнүч берген адамдын улутун ырастоо үчүн төмөндөгү документтердин бири берилет: – жакын туугандарынын биринин (ата-энесинин, балдарынын, асырап алуучулардын, бир тууган жана аталаш же энелеш ага-инисинин… Подробнее »

Участник
14.02.2021 10:48

1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 518 токтому менен бекитилген  httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/98654/10?cl=ky-kg&mode=tekst Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кайрылман" ПРОГРАММАСЫ I. Жалпы жоболор Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кайрылман" программасы (мындан ары — Программа) "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана этностук кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүү процессин тартипке келтирүүгө багытталат. Программа Кыргыз Республикасынын аймагына этностук кыргыздарды кабыл алуу жана легалдаштыруу шарттарын түзүү боюнча мамлекеттик миграциялык саясатты жүзөгө ашыруунун негизги чараларын аныктайт. Этностук кыргыздар Кыргыз Республикасына көчүп келген соң, укуктук статусунун аныкталышына жана жарандыгын өзгөртүүгө байланышкан кыйынчылыктарга туш болушуп, мамлекеттик кепилдиктерди ала алышпайт: ишке орношууга, медициналык тейлөө ж.б. алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Программаны жүзөгө ашыруу этностук кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүү процессин тартипке келтирүүнү, жөнөкөй каттоонун тартибин, жарандыкты алуунун жана документтештирүүнүн, ошондой эле алардын жергиликтүү коомдоштукка социалдык-экономикалык адаптациясы үчүн шарттарды түзүүнү болжолдойт. Этностук кыргыздардын өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасына көчүп келүүлөрү эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында башталган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын жарандыгын 43 миңден ашуун этностук кыргыз алган. Чет өлкөлөрдөн этностук кыргыздардын көчүп келүү процесси токтой элек жана көчүп келгендердин саны туруктуу түрдө көбөйүү тенденциясына ээ. Бирок көчүп келүү уюшулган түрдө болбой, көбүнчө чаржайыт мүнөзгө ээ. Көпчүлүк учурда этностук кыргыздар Кыргыз Республикасына мурдагы жарандыгынан чыгуу сыяктуу чечилбеген маселелер менен келишүүдө. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү жана каттоого туруу тартиптерин бузуу менен этностук кыргыздар түз… Подробнее »

Участник
14.02.2021 10:52

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө      Ушул Мыйзам  этникалык  кыргыздардын иммиграциясы жагындагы мамлекеттик саясатты  жөнгө салат, иммиграциялык процесстердин укуктук, экономикалык жана  социалдык  негиздерин, ошондой эле кайрылмандардын жаңы жерде жашашы үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүнү аныктайт. 1-глава Негизги жоболор 1-статья. Негизги түшүнүктөр Кайрылман — чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам болуп саналган, Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келүүчү жана кайрылман статусун алган этникалык кыргыз; кайрылман статусу — Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейинки убактылуу укуктук статус; убактылуу жайгашуу борбору — Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүн кайрылмандар деп таануу тууралу расмий өтүнүч берген адамдардын жана алардын үй -бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жайгашкан жери; жайгашуу аймагы — Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн жер; этникалык кыргыз — чет өлкөнүн жарандыгына ээ кыргыз улутундагы адам же жарандыгы жок кыргыз улутундагы адам.           2-статья. Этникалык кыргыздардын иммиграциясын жөнгө салуучу                мыйзамдар        Этникалык кыргыздардын  иммиграциясы жана аларга кепилдиктерди берүү жагындагы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул  Мыйзам,  Кыргыз  Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары жана  Кыргыз  Республикасы  катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте  күчүнө кирген эларалык келишимдер менен жөнгө салынат.      3-статья. Этникалык кыргыздардын иммиграциясын жөнгө салуунун                негизги принциптери      Этникалык кыргыздардын  иммиграциясы  жагындагы  мамлекеттик жөнгө салуу төмөндөгүдөй принциптерге негизделет:      — Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы менен бекемделген адамдын көчүп-конуп жүрүү  эркиндигин, эмгектенүү эркиндигин, кесип тандоо жана иш тандоо эркиндигин камсыз кылууга;      — республиканын  учурдагы  социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен тышкы  миграция жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эларалык укуктун  жалпыга  таанылган  ченемдерине жана Кыргыз… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке