Мен паспорт алайын дегем пропискам жок
№70933 | 11.02.2021 | Просмотров: 206
Мен паспорт алайын дегем пропискам жок эле азыр там жок пропискага тура албайт экенбиз кандай кылып алсак болот
Мен паспорт алайын дегем пропискам жок эле азыр там жок пропискага тура албайт экенбиз кандай кылып алсак болот
Саламатсызбы! 30 июль 2002 жылдын № 133 Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө” Мыйзамынын 9 беренесине ылайык, httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1090 ар бир жаран Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана турган жери боюнча катталууга милдеттүү. Жарандарды жашаган жери боюнча каттоо Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт. Жаранды жашаган жери боюнча “ДМТ” автоматташтырылган маалымат тутумунда каттоо үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: — Каттоо кыймылсыз мүлктүн ээси тарабынан толтурулган арыздын негизинде жүргүзүлөт (Кыймылсыз мүлк ээсинин катышуусу зарыл, мүлк ээси болбогон учурда анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн уруксат кагазы менен); — укукту мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк (турак-жай имаратына карата менчик укугу); — аскерге милдеттүүлөр үчүн (кызмат өтөөгө чакыр ылгандар үчүн) – аскер билети (аскердик эсепке алууга коюу жөнүндө күбөлүк) мурунку жашаган жери боюнча эсептен чыгарылгандыгы жана жаңы жашаган жери боюнча аскердик эсепке алууга коюу жөнүндө белгиси менен; — паспорт же жарандын өздүгүн тастыктаган документ; — Кыргыз Республикасынын аймагында бир нече турак… Подробнее »