Мен казакстандамын паспортумдун срогу буткон
№66713 | 22.01.2021 | Просмотров: 153
Мен казакстандамын паспортумдун срогу 25.02.2020 буткон карантинден мурда аны 31 декабрга чейин узарткан посолстводон мен азыр ушул паспорт менен казакстанда миграционный учетко койобу?
Саламатсыналарбы, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилиги КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы №256-Токтому менен КРнын жаранынын 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрына чейинки мезгилде мөөнөтү аягына чыккан 2004-жылдагы үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта), ошондой эле 2006-жылдагы үлгүсүндөгү КРнын жалпы жарандык паспортунун (16 жашка чыга элек жарандардан сырткары) 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын маалымдайт. Бул чечим Кыргыз Республикасынан сырткары чет өлкөлөрдөгү КРнын жарандарына гана тиешелүү. Мөөнөтү узартылган паспорттор Казакстан Республикасында турууга жана ишке орношууга, ошондой эле чет өлкөнүн чек арасынан өтүүдө, Кыргызстандын аймагына гана кирүүдө жарактуу болуп саналат. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жакын турган дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине КРнын 2006-жылдагы үлгүсүндөгү паспортунун мөнөтүнүн узартылгандыгы тууралуу тийиштүү белгини койдуруу үчүн кайрылуу керек. Паспорттордун мөнөтүн узартуу/маалымкат берүү акысыз негизде Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиликте жасалаарын маалымдайбыз. Кыргыз Республикасынын ички паспорттору (ID-карта) бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчиликте паспорттордун мөөнөтүнүн узартылгандыгын тастыктаган маалымкат берилет. С уважением, Муратбек Азимбаев тел.: 0700987794; 0776987794; 0550987794 WhatsApp,… Подробнее »