Мамлекеттен жер алсам болобу?

№16113 | 26.11.2022 | Просмотров: 1551

Менин жашым 22 де Ош областына караштуу, Ноокат районунда торолгонмун, азыркы учурда, Ошто университетте инженер-программист болуп иштейм. Менде мындай суроо бар эле сиздерге мен Оштон жер алсам болобу мамлекет ар бир жаранга жер берет экенго ошол жонундо толугурак маалымат бере аласыздырбы?

Рахмат.

1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
27.11.2016 21:33

Саламатсызбы! Сиздин суроонузга Кыргыз Республикасынын жер кодексиние тиешелуу беренелери менен жооп берейин. 32-статья. Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, жайыттарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн. Ушул Кодекстин 73-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда жер участоктору бир жолу акысыз берилет. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга жер участоктору акысыз пайдаланууга берилет, ал эми Кыргыз Республикасынын айрым юридикалык жактарына жер участоктору ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөндөгү максаттар үчүн: мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, энергетика, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн, мамлекеттик турак үйлөрдү куруу, жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, рекреациалык жана тарыхый-маданий багыттагы курулуштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка максаттар үчүн берилиши мүмкүн. Турак үйдү куруу жана тейлөө жана өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүү жана дача куруу үчүн жер участокторунун ченемдери тиешелүү аймакта ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет. Турак үйдү тейлөө жана жеке менчик көмөк чарба үчүн арналган жер… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке