Малекеттен жер участок алсам болобу?

№69609 | 28.11.2020 | Просмотров: 1019

Менин жашым 20да. Мамлекеттен жер алсам болобу? Болсо кандай документтер керек жана кайсыл жакка кайрылам?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
28.11.2020 20:59

Мамлекеттен жеке турак жай куруу үчүн жер аймагын алууга сиз жергиликтүү мамлекеттик администрацияга арыз менен кайрылуунуз зарыл. Арзыга тиешелүү иш кагаздарын тиркейсиз.

Юрист
28.11.2020 21:02

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун алуу үчүн талапкер адам тийиштүү атайын укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

— аныкталган формадагы арыз;

— ким экенин билдирүүчү документтин көчүрмөсү;

— кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органдын анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак жай куруу үчүн мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкаты;

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер болсо);

— эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда иштеген жеринен өтүнүч (жарандын каалоосу боюнча берилет);

— атайын укуктуу мамлекеттик органдын жумушсуздук статусу бар экенин ырастаган маалымкаты;

— турак жай шарттарын текшерүү актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);

— жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.

Не забудьте оценить ответы (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!