Кардар үйүмдү банкка күрөөгө коюп сатып алууну сунуштады
№37140 | 23.06.2018 | Просмотров: 534
Саламатсыздарбы?
Менин 6 бөлмөлүү жер тамым учурда сатыкта. Көпчүлүк кардарлар үйдү банкка күрөөгө коюп сатып алууну сунушташууда.
Бул учурда кандай документтер керектелет жана коопсуздук үчүн кардардан эмнени талап кылуу керек?
Саламатсызбы! Сиз этиат болушунуз керек, эгерде кредитке залог катары мулкту койгон учурда мулк сиздин атынызда болсо, кредитти сиз толошу керек болуп каласыз, андай болбош учун сиз мулку кардарга откоруп беришиниз керек анда кардардан акча алып сатып алуу келишимин тузушунуз керек, бирок алдын ала акча албасаныз кардар акчасын бербей коюшу мумкун. Абайланыз!
Саламатсызбы!
Коллегамын берген жообуна кошумча: сиз эч нерседен коркпой эле коюнуз. Кардар менен сатуу-сатып алуу келишимин тузгондон кийин жана Мамлекеттик каттоо башкармасына барып уйунузду кардардын атына каттоо кылганы барганда, уйдун келишилген баасын толугу менен алыныз дагы, уйду кардардын атына акчаны алгандан кийин кана откоруп бериниз. Же болбосо, кардар ипотеканын негизинде алганы жатса сизин банкта расчетный счет ачып туруп, кардар ал счетко уйдун баасын которуп бергенден кийин кана кардардын атына уйду откоруп бериниз.
Урматым менен, А. Сыдыков.
Контакттар: a_sydykov@mail.ru же болбосо 0701 680 480.