ID паспортту жанылоодо Москва шаарындагы баасы жана эн срочный мооноту?

№120499 | 09.06.2026 | Просмотров: 25

ID паспортту жанылоодо Москва шаарындагы баасы жана эн срочный мооноту канча убакыт болуп калат. Баасы канча?

1 ответ
Участник
09.06.2026 18:17

Саламатсызбы,

Эгер Кыргыз Республикасынын жараны Москва шаарындагы Кыргызстандын Элчилиги алдындагы Консулдугу аркылуу ID-картасын алмаштырса, анда жалпы тартип боюнча:

  • Мөөнөтү: 2 айга чейин.
  • Консулдук жыйым: 30 АКШ доллары.
  • Мындан тышкары, паспортту даярдоочу ыйгарым укуктуу органдын жыйымы өзүнчө алынат.

Сиз көрсөткөн 3 саатта, 2 күндө, 4 күндө, 8 күндө, 12 жумуш күнүндө даярдоо тарифтери (1868 сом, 3808 сом, 8177 сом ж.б.) Кыргызстандын аймагындагы ЦОНдордо жана «Түндүк» тиркемеси аркылуу берилген кызматтарга тиешелүү.
Москвадагы чет өлкөлүк мекемелер аркылуу берилген арыздар адатта Кыргызстанга жөнөтүлүп, даяр документ кайра консулдукка келгендиктен, Бишкектегидей 3 сааттык же 2 күндүк срочный кызмат колдонулбайт.
Эгер документ абдан шашылыш керек болсо, практикалык жактан төмөнкү варианттар бар:

  1. Кыргызстанга келип, ЦОН аркылуу срочный тартипте алмаштыруу:
  • 3 саатта (Бишкек) — 8177 сом;
  • 2 күндө — 3808 сом;
  • 4 күндө — 3302 сом;
  • 8 күндө — 2720 сом;
  • 12 жумуш күнүндө — 1868 сом.

2.Эгер ID-картанын мөөнөтү өтүп кетип, Кыргызстанга тез кайтуу керек болсо, Москвадагы консулдуктан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк (свидетельство на возвращение) алып, Кыргызстанга келип жаңы ID-карта тариздөө.
Так маалымат керек болсо, Москвадагы кайсы мекемеге кайрылганыңызды жазыңыз:

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмү

 

БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТЫ

Дарек: 115127, Москва ш., Большая Ордынка көч., 62/ 2 (Погорельский тилкесинен кирүү)

Ыкчам байланыш телефондору:  +7 (925) 285 50 47 (тез арада юридикалык жана консулдук жардамды талап кылган учурларда)
E-mail: kgconsul.ru@mfa.gov.kg
Электрондук кезеке төмөнкү шилтеме аркылуу турсаңыз болот: шилтеме
 
 

ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ ЖАНА УБАКТЫСЫ

Жарандарды кабыл алуу күн сайын Эмгек кодексинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жумушчу күндөрү жүргүзүлөт.

Иш тартиби:

  • Дүйшөмбү – жума 9.00дөн 18.00гө чейин;
  • Түштөнүүдөгү тыныгуу 13.00дөн 14.00гө чейин;

Ишемби, жекшемби – дем алыш күндөрү.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720005, Бишкек шаары, Болот Юнусалиев көчөсү, 80, OloloPlanet
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbek@azimbaev.pro
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв