Эмгек акыны бербегени

№116765 | 01.06.2025 | Просмотров: 13

Тигүүчү болуп иштейм. 3 айдан бери эмгек акымды алалбай жатам, шылтоо айтып бербей жатат.

Кантип алсам , кимге кайрылсам?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
02.06.2025 08:46

Саламатсызбы, Сиздин абал — абдан түшүнүктүү жана, тилекке каршы, көп кездешкен көрүнүш. Эмгек мыйзамдарына ылайык, Кыргызстанда иш берүүчү эмгек акыны убагында төлөөгө милдеттүү, ал эми кечиктирилсе, кошумча компенсация төлөшү керек. Эмгек акыны өндүрүү үчүн эмне кылуу керек? 1. Иш берүүчүгө жазуу түрүндө кайрылуу Алгач, иш берүүчүгө кат жүзүндө (арыз түрүндө) кайрылып, 3 айдан бери эмгек акы төлөнбөй жатканын, жана канча сумма төлөнүшү керек экенин так көрсөтүңүз.  Бул документти 2 нускада даярдап, бирөөнө “алынды” деген белгини (кол коюп, күнүн коюп) талап кылыңыз. 2. Эмгек инспекциясына кайрылуу Эгер жумуш берүүчү жооп бербей же акы төлөбөсө, анда КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫН КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОЮНЧА КЫЗМАТЫНА арыз менен кайрылсаңыз болот. • Сиз иштеген райондун Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылыңыз. • Алар жумуш берүүчүгө текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуу бар болсо, айып салат жана акыңызды өндүрүү боюнча чечим чыгарат. 3. Сотко кайрылуу (эгер жогорудагы жолдор иштебей калса) Сотко арыз жазып, мыйзам боюнча: • Сизге эмгек акыны өндүрүп берүү; • Ар бир кечиккен күн үчүн 0,25% компенсация төлөттүрүү талап кылсаңыз болот (Жаңы Трудовой кодекс, 2025). Бул үчүн сизге жардам… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!