Менин автоунаасы менен оз жолунда келе жатканда, субара автоунаасы келип урган
№16751 | 12.02.2024 | Просмотров: 188
Чон жолдо ДТП катталды, мында менин жолдошум матиз автоунаасы менен оз жолунда келе жатканда, субаро автоунаасы келип каршылаш урган.
Окуя болгон жерде матиз автоунаасынын айдоочусу башкача айтканда менин жолдошум оор абалда больницага жеткирилген, ал эми матиз автоунаасы жараксыз абалда.
Субаронун айдоочусу башкача айтканда кунолуу тарап, чыгымдарды толоп бербей жатат? Эмне кылсак болот? Сотко кайрылсак сот канча чыгымды ондуртуп берет?
Саламатсызбы!
Биринчиден, ГИБДД кызматынан жол кырсык болгон факты боюнча эмне чара коруп жатканын аныктагыла. Эгерде, сиздин жолдошунардын ден-соолугуна оор жаракат алган убакытта, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча, анда куноолуу айдоочунун устунон кылмыш иши козголушу керек. Тергоо учурунда, же болбосо жолы кырсыгын текшерип жатканда, сизди автоунаанарга канча зыян келтирилгендиктин баасын аныкталышы керек. Ошонун негизинде, эгерде кылмыш иши козголуп, куноолуу айдоочу жоопкерчиликке тартылса, ошол кылмыш иши сотто каралып жатканда силер жарандык доо арызы менен кайрылып, соттун чечиминин негизинде келтирилген зыянды толугу менен жана моралдык зыянды дагы ондуруп алсанар болот. Бул аракеттерди, озунор жургузо албасанар, анда квалификациялуу юристтин жарадамын алгыла, ага толоп берген акчаны дагы куноолуу адамдан ондурсонор болот.
Урматым менен, А. Сыдыков.
Контакттар: a_sydykov@mail.ru же болбосо 0701 680 480.