Жолдошумдун биринчи турмушунан эки баласы бар, алимент толойт
№69448 | 19.10.2022 | Просмотров: 306
Жолдошумдун биринчи турмушунан эки баласы бар, алимент толойт. Ал аялы озунун жумушу бар балдар апасында калабы же атасында калыш керекпи.
рахмат
Жубайлардын ортосунда келип чыгуучу балдар тууралу талаш-тартыштар жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никенин бузулгандыгына карабастан, сот тартибинде каралат. Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин ыймандуулук, дагы башка жекече сапаттарын, ата-эненин ар бири менен баланын ортосундагы башынан келаткан мамилелерди, баланы тарбиялап өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн (иштин түрү, ата-эненин иш тартиби, ата-эненин материалдык жана үйбүлөлүк ал-абалы ж.б.) эске алат.
Саламатсыздарбы,
Ата-энеси эки башка турган учурда балдардын жашай турган жери ата-энелердин макулдашуусу менен белгиленет.
Макулдашуу жок болгон учурда ата-энелердин ортосундагы талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын көздөө жана балдардын ой-пикирин эсепке алуу менен сот аркылуу чечилет. Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин ыймандуулук, дагы башка жекече сапаттарын, ата-эненин ар бири менен баланын ортосундагы башынан келаткан мамилелерди, баланы тарбиялап өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн (иштин түрү, ата-эненин иш тартиби, ата-эненин материалдык жана үйбүлөлүк ал-абалы ж.б.) эске алат. (70-статья, КР Үй-бүлө кодекси, 2003-жылдын 30-августу № 201 httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1327/220?cl=ky-kg&mode=tekst )
С уважением,
Муратбек Азимбаев
тел.: 0700987794; 0776987794; 0550987794 WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com
Skype: muratbek.azimbaev
.