Мен жолдошум менен жашагым келбей, ата энемдин уйуно келип алгам балам менен, балам 4 жашта, бирок ажырашкан эмеспиз

№70091 | 28.12.2023 | Просмотров: 263

Мен жолдошум менен жашагым келбей, ата энемдин уйуно келип алгам балам менен, балам 4 жашта, бирок ажырашкан эмеспиз.

Жумуштан келсем жолдошум баламды алып кетип калыптыр, если сотко кайрылсам баланы кимге калтырат, телефон чалсам бала мени менен жашайт, бербейм сага дейт

Подписаться
Уведомить о
2 ответов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
29.12.2020 11:13

Cаламатсызбы! Сиз эгерде жолдошунуз менен тиешелүү тартипте катталган никеде болсонуз анда сот аркылуу юридикалык катталган никени бузуу жөнүндө сотко арыз менен кайрылып, өз арызынызда жашы жете элек баланын жашаган жерин аныктоо боюнча талапты жана ал балага алимент өндүрүү маселесин кошуунуз зарыл. Анткени, Кыргыз Республикасынын Үй бүлөө кодексинин 25-статьясынын 2-бөлүгүнүн талаптарында Сот, ата-энеси ажырашкандан кийин жашы жетпеген балдар алардын кимиси менен жашай турганын аныктоого, балдарына ата-энесинин кимисинен жана кандай өлчөмдө алимент чегерилип алынарын аныктоого милдеттүү.

Юрист
29.12.2020 16:37

Саламатсызбы, Бул маселе боюнча сотко арыз менен кайрылыныз. КР  ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИнин 25-статья ылайык. Никени бузуу жөнүндө чечим чыгарылганда сот тарабынан чечилүүчү маселелер   1. Сот тартибинде нике бузулганда жубайлар жашы жетпеген балдары алардын кимиси менен жашай турганы жөнүндө, балдарын багууга жана(же) эмгекке жөндөмсүз жубайына каражат төлөп берүүнүн тартиби, бул каражаттардын өлчөмдөрү, болбосо жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү тууралу макулдашууну соттун кароосуна бере алышат. 2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча жубайлардын ортосунда макулдашуу жок болгон учурда, ошондой эле эгерде бул макулдашуу балдардын же жубайлардын биринин кызыкчылыгын бузат деп табылган учурда, сот төмөндөгүлөргө милдеттүү: ата-энеси ажырашкандан кийин жашы жетпеген балдар алардын кимиси менен жашай турганын аныктоого; балдарына ата-энесинин кимисинен жана кандай өлчөмдө алимент чегерилип алынарын аныктоого; алардын ортосундагы менчикте болгон мүлктү жубайлардын (алардын биринин) талабы боюнча бөлүштүрүүгө; башка жубайынан тиричилик өткөргүдөй каражат алууга укугу бар жубайынын талабы боюнча, ал каражаттын өлчөмүн аныктап берүүгө. 3. Эгерде мүлктү бөлүштүрүү үчүнчү жактын кызыкчылыктарын козгой турган болсо, сот мүлктү бөлүштүрүп… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!