Бишкеке ажырашуу арызын беруу.

№121279 | 30.09.2026 | Просмотров: 9

Саламатсызбы

биз ыссыккол область тон районунан алганбыз заксты азыркы убакта Бишкекте турабыз ажырашуу арызын бишкектен жаза берсем болобу анткени колго барганга шартым жок ортодогу уруштан улам жабыркап калгым келбейт алдын ала коргонум керек

Рахмат.

2 ответов
Участник
30.09.2026 09:18

Саламатсызбы!

Ооба, нике Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катталган болсо да, ажырашуу маселесин Бишкекте чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кайсы тартипте — ЖААК (ЗАГС) аркылуу же сот аркылуу — ажырашарыңыз жагдайга жараша болот. Мамлекеттик каттоо кызматтарынын эрежелеринде ажырашууну каттоо айрым учурларда кайрылган жери боюнча жүргүзүлөрү каралган. 

Эгер экөөңүздөр тең ажырашууга макул болсоңуздар, ортодо жашы жете элек жалпы балдар жок жана мүлк боюнча талаш жок болсо, Бишкектеги ЖААК/КТБ (ЦОН) аркылуу ажырашууга арыз берүү мүмкүнчүлүгүн караңыз. Никенин Тоң районунда катталгандыгы сөзсүз түрдө ошол жакка барып ажырашуу керек дегенди билдирбейт.

Эгер жолдошуңуз ажырашууга макул болбосо, арыз берүүдөн баш тартса же ортодо жашы жете элек балдарыңыз болсо, анда нике сот аркылуу бузулат. Мындай учурда сотко кайсы жер боюнча кайрылуу керектиги сиздердин катталган/жашаган дарегиңиздерге жана балдардын сиз менен жашашына байланыштуу аныкталат.

Сиздин «уруштан улам жабыркап калгым келбейт, алдын ала коргонушум керек» деген жагдайыңыз өзгөчө маанилүү. Ажырашуу үчүн күйөөңүз менен жеке жолугушууга же Тоңго чогуу барууга милдеттүү эмессиз. Эгер үй-бүлөлүк зомбулук, коркутуу же реалдуу коопсуздук коркунучу болсо, милицияга кайрылып, убактылуу коргоо ордерин талап кылууга болот. 2026-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча кошумча чаралар да кабыл алынган. 

Кыргызстан боюнча аялдар үчүн кризистик борборлордун даректери жана байланыш телефондору
Республикада аялдарга жардам көрсөтүүчү кризистик борборлор иштейт. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кризистик борборлордун даректерин жана байланыш телефондорун сунуштайт.

https://kaktus.media/doc/406247_nasilie_v_seme._kyda_zvonit_i_chto_delat_spisok_telefonov.html

Практикалык сунуш: эгер азыр Бишкекте жашасаңыз, биринчи кезекте Бишкектеги КТБ/ЖААКка кайрылып, никени административдик тартипте бузууга негиз бар-жогун тактаңыз. Эгер соттук тартип талап кылынса, Бишкекте доо арыз берүү үчүн аймактык сотко караштуулукту сиздин жана жолдошуңуздун катталган дареги, ошондой эле балдардын бар-жогу боюнча аныктоо керек.
Эгер коопсуздугуңузга коркунуч болсо, ажырашуу процессин күтпөстөн эле коргоо чараларын көрүүгө укуктуусуз.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Участник
30.09.2026 09:44

Эмгек министрлиги зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандар үчүн 5200 ишеним телефонун ишке киргиздиКыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик социалдык заказ долбоорунун алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жана кыздарга, ошондой эле адам сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүгө багытталган жаңы социалдык долбоор ишке киргизилди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 5200 күнү-түнү иштеген ишеним телефону өз ишин баштады. Бул линия үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандарга ыкчам жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө арналган.
5200 номерине чалып, ар бир жаран акысыз, анонимдүү жана купуя жардам ала алат. Ишеним телефонунда зомбулук, кризистик кырдаалдар жана психологиялык жардам көрсөтүү маселелери боюнча атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иштешет.
Ишеним телефону суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштейт жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бардык мобилдик операторлор аркылуу жеткиликтүү.
Ишеним телефонунун ишинин негизги багыттары:

  • зомбулуктан жана эксплуатациядан жабыркагандарга психологиялык колдоо көрсөтүү;
  • жеткиликтүү кызматтар жана жабыркагандардын укуктарын коргоо чаралары жөнүндө маалымат берүү;
  • коопсуз баш калкалоочу жай, медициналык жана юридикалык жардам алуу маселелери боюнча консультация берүү;
  • зомбулуктан жабыркагандардын жакындарына жана зомбулукка күбө болгон адамдарга колдоо көрсөтүү.

Ар бир чалуу маанилүү.
Эгер сиз зомбулукка кабылсаңыз же мындай окуяга күбө болсоңуз — 5200 номерине чалыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв