Ажырашуу тууралуу маалымкат керек
№121179 | 11.09.2026 | Просмотров: 20
Саламатсызбы эгерде нике күбөлүгү жок болсо, ажырашкан деген справка кайсы мекемеден алынат .
Баласын интернатка жайгаштыруу үчүн. Граждандык бракта болгон болсо
Саламатсызбы!
Эгерде ата-энеси ЗАГСта расмий никеге турбай, жөн гана чогуу жашаган болсо, юридикалык жактан нике түзүлгөн деп эсептелбейт. Ошондуктан «ажырашкандыгы тууралуу маалымкат» берилбейт, анткени бузула турган расмий нике болгон эмес.
Интернатка тапшыруу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот:
Нике мурда расмий катталып, кийин ажырашуу да катталган, бирок күбөлүк жоголгон болсо, ЦОНдон же «Түндүк» тиркемеси аркылуу ажырашуу тууралуу күбөлүктү кайталап же ажырашуу жөнүндө актылык жазуудан №3 формадагы көчүрмөнү алууга болот.
Ал эми нике расмий катталган, бирок жубайлар жөн гана бөлөк жашап жүрсө, ажырашуу тууралуу маалымкат берилбейт — адегенде никени ЖААК органы же сот аркылуу расмий бузуу керек.
Интернаттын администрациясынан так кайсы аталыштагы документти талап кылып жатканын жазуу жүзүндө тактап алуу туура болот. Андан кийин жашаган жердеги ЦОНдун ЖААК бөлүмүнө кайрылсаңыз болот. Маалымат телефону: 119.
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbek@azimbaev.pro
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.