Ажырашууга берилген арызды кантип кайтарып алсам болот

№121165 | 09.09.2026 | Просмотров: 22

Ажырашуу учун жазылган арыздан баш тартып алсам болот.

1 ответ
Участник
10.09.2026 15:13

Саламатсызбы!

Ооба, ажырашуу жөнүндө арыздан баш тартууга болот. Тартиби арыздын кайда берилгенине жараша айырмаланат.
Эгер арыз сотко берилсе:

  • Судья доо арызды өндүрүшкө кабыл ала элек болсо, КР Жарандык процесстик кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, доо арызды кайтарып берүү жөнүндө арыз бериңиз. Мындай учурда кийин кайрадан сотко кайрылууга болот. 
  • Эгер иш сот өндүрүшүнө кабыл алынып калса, ЖПКнын 43-беренесинин негизинде доодон баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берилет. Сот баш тартууну кабыл алса, иш боюнча өндүрүш токтотулат. Бирок ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жана негиздер боюнча кайра кайрылууга чектөө жаралат. 
  • Эгер ажырашуудан толук баш тартпай, жарашууга убакыт гана керек болсо, соттон жарашуу үчүн үч айга чейинки мөөнөт берүүнү сурансаңыз болот. 

Эгер арыз ЖААКка же КТБга берилсе, ажырашуу катталганга чейин ошол жерге төмөнкүдөй арыз тапшырыңыз:
Мен, __________________, никени бузуу жөнүндө мурда берген арызымдан баш тартам, никени бузууга берген макулдугумду кайтарып алам жана ажырашууну мамлекеттик каттоодон өткөрбөөнү сурайм.
Арызды эки нускада берип, өзүңүздө калган нускасына кабыл алынган датаны жана кириш номерин койдурган оң. ЖААК аркылуу ажырашуу жубайлардын өз ара макулдугу болгондо жүргүзүлөт. 
Эгер ажырашуу мамлекеттик каттоодон өтүп, актылык жазуу түзүлүп калса, жөн гана арызды кайтарып алуу менен никени калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794+996 776 987794+996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbek@azimbaev.pro
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв