Атамдын үйү сатылып кетиптир, мен мураскери болом, кантип кайтарып алсам болот

№120708 | 06.07.2026 | Просмотров: 21

Саламатсыздарбы, атамдын үйү сатылып кетиптир, мен мураскери болом, кантип кайтарып алсам болот, укугум барбы!? Рахмат

1 ответ
Шамшиев Шайырбек Усонович
Участник
06.07.2026 15:37

Эгер сиз атаныздын мыйзамдуу мураскери болсоңуз, анда үйдүн сатылып кеткендиги өзү эле сиздин укугуңузду жокко чыгарбайт. Бирок иштин жагдайына жараша сот аркылуу укугуңузду коргоого болот.

Эмне маанилүү:

Атаныз качан каза болгон?
Үй кимдин атына катталган болчу?
Үй мурас ачылгандан кийин сатылганбы же ага чейинби?
Сиз мурастан баш тарткан жоксузбу?
Үйдү ким саткан (башка мураскер, өкүл же үчүнчү жак)?

Эгер үй сиздин макулдугуңузсуз жана мурасты кабыл алуу укугуңуз бузулуп сатылган болсо, анда сотко төмөнкү талаптар менен кайрылууга болот:
мураскерлик укугуңузду таануу;
сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу (эгерде мыйзам бузулса);
зарыл болсо, мүлктү мыйзамсыз ээликтен кайтарып берүү.

Эгер сатып алуучу ак ниеттүү сатып алуучу болсо, иш кыйла татаалдашат жана бардык жагдайлар сот тарабынан бааланат.

Ошондуктан, алгач бардык документтерди (өлүм тууралуу күбөлүк, үйдүн документтери, сатуу келишими, мураскерлер тууралуу маалымат) чогултуп, андан соң доо арыз менен сотко кайрылуу зарыл.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв