Арызды кароо мооноту
№113711 | 29.09.2024 | Просмотров: 646
Саламатсыздарбы.
Мен сотко юридикалык мааниси бар фактыны аныктоо жонундо арыз берсем, 14 кундон кийин карайбыз дешти.
3 кун же 5 кундон кийин караса болобу. ишит кароонун мооноттору так ГПКнын касыл беренелеринде корсотулгон мен таппадым.
Сааламатсызбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ 2017-жылдын 25-январы № 14(Кыргыз Республикасынын акыркы 2024-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 157-берене. Жарандык жана экономикалык иштерди кароонун жана чечүүнүн мөөнөттөрү 1. Жарандык иштер арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет, бул мөөнөткө, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ишти соттук териштирүүгө даярдоонун, иш боюнча чечим кабыл алуунун мөөнөттөрү кирет. 2. Жумушка кайра орноштуруу жөнүндө, алиментти өндүрүү жөнүндө, асырап алуу жөнүндө, көзөмөлчүнү (камкорчуну) дайындоо жөнүндө жана балдарды жатак мекемелерине жиберүү жөнүндө иштер боюнча арыздар соттун өндүрүшүнө кабыл алынгандан баштап бир айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет. Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндөгү иштер иш өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен сот тарабынан каралат жана чечилет. Экономикалык иштер, даярдоо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн кошуп алганда, келип түшкөн күндөн тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет. 3. Ушул Кодексте жана мыйзамдарда жарандык жана экономикалык иштердин… Подробнее »