Мен упсм ге патрульга жумушка кирейин дедим

№69979 | 20.12.2022 | Просмотров: 231

Мен упсм ге патрульга жумушка кирейин дедим эле бирок военный билетимде «годен к альтернативному службе по группе 1, расписания болезнь 12» а деп турат жарай береби

Подписаться
Уведомить о
2 ответов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
20.12.2020 23:41

Саламатсыналарбы,

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык) 2009-жылдын 18-декабры N 771 Кыргыз Республкасынын Өкмөтунун Токтому  httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/90418/80?cl=ky-kg&mode=tekst

Оорулардын жана дене түзүлүштөгү кемчиликтерди расписаниесинин (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

12 Психофизикалык инфантилизм

а) кыска убакыттагы жеңил астеновегативдик реакциясы менен психофизикалык өнүгүүнүн бир аз басаңдашы менен коштолгон, ошондой эле бою 160 см аз болгон.

Чакыруучуларга -кийинки мөөнөткө калтыруу. Чакыруу боюнча аскер кызматчылары — тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында жарактуулугу чектелүү.

б) дене-түзүлүшүнүн өөрчүшүнүн жетишпегендиги менен коштолгон.Чакырылуучуларга — кийинки мөөнөткө калтыруу. 

Урматтоо менен,

тные последствия того или иного поступка в результате действий заявившего данный отказ либо третьих лиц. .

Юрист
21.12.2020 00:06

Саламатсыналарбы, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2019-жылдын 25-июлу № 102  httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111956/10?cl=ky-kg&mode=tekst 3-глава. Укук коргоо органдарына кызматка кирүү 10-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кирүүнүн шарттары 1. Укук коргоо органдарына кызматка башка мамлекеттин жарандыгы болбогон, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча жарактуу деп таанылган, дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары — жарандар) ыктыярдуу тартипте кабыл алынат. 2. Аскердик кызматтан, запастагы офицерлердин жана альтернативалык кызматтын программасы боюнча аскердик даярдыктан милдеттүү түрдө өтүү жөнүндө талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт: 1) аялдарга; 2) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын же аскердик окуу жайларды, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларын аяктаган адамдарга; 3) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларына же аскердик окуу жайларга, анын ичинде чет мамлекеттердин… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!