Алиментке тапшырайын дедим эле

№120545 | 14.06.2026 | Просмотров: 185

Саламатсызбы

мен алиментке тапшырайын дедим эле кайсыл жакка барам канча Акча кетет тапшырышка жолдошум такыр жардам бербейт балам 9жашт а жалгыз бой аялмын квартирада жашаймын озум

2 ответов
Участник
15.06.2026 20:36

Саламатсызбы,

Эже, эгер балаңыздын атасы балага жардам бербей жатса, алимент өндүрүү үчүн нотаруска же сотко кайрылсаңыз болот.

Кайда барасыз?

  • Өзүңүз жашаган жердеги райондук (шаардык) сотко же жоопкердин жашаган жери боюнча сотко.
  • Ошондой эле сотко документтерди «Түндүк» системасы аркылуу электрондук түрдө берүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Кандай документтер керек?

  1. Паспорттун көчүрмөсү.
  2. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
  3. Нике күбөлүгү же ажырашуу тууралуу күбөлүк (эгер болсо).
  4. Алимент өндүрүү жөнүндө доо арыз.

Канча акча кетет?

  • Алимент өндүрүү боюнча доо арыз бергенде доогер (сиз) мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат. Башкача айтканда, адатта сотко кайрылуу үчүн акча төлөбөйсүз.
  • Эгер юрист жалдасаңыз гана кошумча чыгым болушу мүмкүн.

Канча алимент өндүрүлөт?
Эгер жолдошуңуз расмий иштесе:

  • 1 балага — айлыгынын жана башка кирешесинин 1/4 бөлүгү (25%).

Эгер расмий иштебесе же кирешесин жашырса:

  • Сот белгиленген акчалай суммада алимент өндүрүп бере алат.

Алиментти нотариус аркылуу өндүрүп алса болот. Өкмөт жаңы эреже киргизди.
Алименттерди нотариус аркылуу өндүрүп алса болот

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720005, Бишкек шаары, Болот Юнусалиев көчөсү, 80, OloloPlanet
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbek@azimbaev.pro
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Участник
15.06.2026 20:45

Иш жүзүндө мамиледен кол үзүү жана балдарды камсыздоо боюнча милдеттерди аткарбоо алиментти өндүрүүгө негиз болуп саналат. Маселени эки тарап өз ара келишип чечип алса болот. Келише албай жатышса, сотко кайрылыш керек. 1-кадам: Өз ара келишим түзүү аракети. Биринчи кадам – алимент төлөөнү эки тарап өз алдынча сүйлөшүп, чечишип алуу аракети. Эгерде эки тарап маселени макулдаша алса, анда мунун баарын кагаз жүзүндө бекемдеп, нотариус аркылуу күбөлөндүрүш керек.  2-кадам: Сотко арыз берүү. Эгер тараптар тынчтык жолу менен өз ара бир пикирге келе албаса, анда сотко кайрылыш керек. Процессуалдык мыйзамдарга ылайык, сотко алиментти өндүрүүгө соттук буйрукту берүү тууралуу арыз менен кайрылса болот. Буйруктук өндүрүш сот процессин жөнөкөйлөтөт, башкача айтканда, буйрук жоопкердин катышуусу жок эле чыгарылышы мүмкүн. Бирок жоопкер “мага жетиштүү кабар берилген жок” деген таризде чечимге каршы чыгышы ыктымал.  Алимент өндүрүү боюнча арызды ата-эне, камкорчу же балдарды коргоо органы бере алат.  Керектүү документтер: алимент өндүрүү жөнүндө арыз; нике күбөлүгү (эгер сиз соттолуучу менен никеде болсоңуз); балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү; жоопкердин кирешесин тастыктаган документтер (эгер болсо); алименттин зарылдыгын жана талап кылынган каражаттын көлөмүн тастыктаган башка документтер. 3-кадам: Сот процесси. Алдын ала отурум: сот маселени тынчтык жолу менен чечүүнү талкуулаш үчүн алдын ала отурумдун күнүн белгилейт.  Негизги угуулар: эгерде тынчтык жолу менен чечим табылбаса, анда ар бир тарап өз аргументтерин, далилдерин жана күбөлөрүн көрсөтө турган негизги угуулар дайындалат. Соттун чечими: сот алиментти өндүрүү жөнүндө чечим чыгарат, анда алименттин өлчөмү жана төлөө тартиби көрсөтүлөт. 4-кадам: Соттун чечимин аткаруу. Аткаруу баракчасын алуу: соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу баракчасын колго алуу керек. Сот аткаруучулар кызматына кайрылуу: аткаруу баракчасы соттун чечимин аткаруу үчүн сот аткаруучулар кызматына берилет. 4-кадам: Соттун чечимин аткаруу. Аткаруу баракчасын алуу: соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу баракчасын колго алуу керек. Сот аткаруучулар кызматына кайрылуу: аткаруу баракчасы соттун чечимин аткаруу үчүн сот аткаруучулар кызматына берилет. 5-кадам: Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө. Арыз ээси сот аткаруучулар кызматы аркылуу чечимдин аткарылышына көз салууга жана эгер чечим аткарылбай жатса, даттанууга укуктуу.  6-кадам: Маанилүү жагдайлар Алименттин өлчөмү: алименттин өлчөмү туруктуу акчалай суммада же соттолуучунун кирешесинин пайызында белгилениши мүмкүн. Алименттин өлчөмү ай сайын бир балага соттолуучунун иш жүзүндөгү эмгек акысынын же кирешесинин 25%ын, эки балага – 33%, үч же андан көп балага 50%ды түзөт.  Төлөм шарттарын өзгөртүү: тараптардын кирешесине же баланын муктаждыктарына таасир эткен жагдайлар өзгөрсө, алимент шарттары өзгөрүшү мүмкүн. Доогер алимент өндүрүүдө мамлекеттик алымдан бошотулат.  Доо арыздын көчүрмөсү жоопкердин жашаган жерине почта аркылуу жөнөтүлгөнүн ырастоочу документтер доо арызга тиркелиши керек.  Алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тарткан учурда (үч айдан ашык системалуу түрдө аткарылбаса же толук эмес көлөмдө… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв