Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 422-5-статьясынын негизинде жашы жете элек балдарды, жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон балдарды, ошого тете билим берүү уюмдарында окуган жашы жеткен балдарды багууга жетимиш пайыздан ашык төлөнүүгө тийиш болгон каражаттарды соттун чечимин же нотариалдык ырасталган макулдашууну бузуу менен жүйөлүү себепсиз аткаруу өндүрүшүн козгогон күндөн тартып катары менен эки жана андан көп ай бою ата-эне тарабынан төлөбөгөндүк, эгерде мындай иш-аракет жазыктык жазалануучу жосунду камтыбаса, — отуз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо беш суткага чейин мөөнөткө администрациялык камоого же ушул Кодекске ылайык администрациялык камакты жана коомдук иштерди колдонууга болбой турган адамдарга карата эсептик көрсөткүчтүн отуздан жетимишке чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эгерде, алимент төлөөчү тарап жогоруда көрсөтүлгөн жаза чаралары колдонулгандыгына карабастан алимент төөлөөнү убагында жүргүзбөсө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 162-беренесинин негизинде жаза чара колдонулушу мүмкүн.
162-статья. Балдарды багууга каражаттарды төлөбөгөндүк
Жашы жете элек балдарды, жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон балдарды, ошого тете билим берүү уюмдарында окуган жашы жеткен балдарды багууга 70 пайыздан ашык төлөнүүгө тийиш болгон каражаттарды соттун чечимин же нотариалдык ырасталган макулдашууну бузуу менен жүйөлүү себепсиз ата-эне тарабынан төлөбөгөндүк, эгерде бул жосун бир нече жолу жасалса, —
жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Администрациялык жаза чарасын колдонгондон кийин бир жылдын ичинде администрациялык жаза чарасына тартылган ата-энелер тарабынан төлөбөгөндүк бир нече жолу жасалган төлөбөгөндүк деп таанылат.
Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке