Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлө деп эсептеш үчүн канча бала керек?
#12144 | 25.06.2025 | Көрүүлөр: 7514
Эгерде үй-бүлөдө үч бала болсо, үй-бүлө көп балалуу болуп эсептелеби?
Ооба болсо, анда кандай артыкчылыктар бар?
Адистин жообу
Кыргызстанда азыркы мыйзамдарга ылайык беш жана андан көп балалуу үй-бүлө көп балалуу болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште бул аныктаманы өзгөртүүгө жана төрт жана андан көп балалуу үй-бүлөлөрдү көп балалуу үй-бүлө деп таанууга багытталган мыйзам долбоорлору талкууланып, сунушталган. Бирок, учурда түзөтүүлөр кабыл алынбай, көп балалуу үй-бүлө деген расмий макам дагы беш жана андан көп балалуу үй-бүлөлөргө ыйгарылган.
Жаңыланган: 25.01.2026
Саламатсызбы!
Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы № 111 "Кыргыстан Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, көп балалуу эне - беш жана андан көп бала төрөгөн жана тарбиялаган эне.
2017-жылдын 28-июлундагы №163 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, төмөнкү жөлөкпулдар төлөнөт:
§ 5. Мамлекеттик пособиелердин түрлөрү жана өлчөмдөрү
1. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү:
1) ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм - "балага сүйүнчү";
2) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөкпул - "уй-булого комок";
...
5) бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарда, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн тартып 3 жашка толгонго чейин ай сайын берилүүчү жөлөкпул - "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларынын "айлыктары" (мындан ары - айлык пособие).
6) 2026-жылдын 1-январынан кийин төрт же андан көп бала төрөгөн, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге (Кыргыстан Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку "Бала береке" төлөмү (мындан ары бир жолку "Бала береке" төлөмү деп аталат).
Урматтоо менен, А.Сыдыков.
Байланыш маалыматтары: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.