Казакстанга тиричилик буюмдарын ташуу
Кыргызстандан Казакстанга көчүп баратабыз, тиричилик буюмдарын ташууга кандай документтер керек?
ЕВРАЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК БИРИМДИКТИН БАЖЫ КОДЕКСИ (Евразиялык экономикалык бирликтин Бажы кодекси жөнүндө 2017-жылдын 11-апрелиндеги Келишимге № 1 тиркеме)
261-статья. Жеке колдонуу үчүн товарларды бажылык декларациялоо үчүн документтерди берүү
1. Жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтерге төмөнкүлөр кирет:
1) инсандыгын ырастоочу документтер, анын ичинде жашы жете электин документтери;
2) жеке жактын карамагында болгон, аларга карата бажылык декларациялоо жүргүзүлүүчү жеке колдонуу үчүн товарлардын наркын ырастоочу документтер;
3) ушул Кодекстин 7-статьясына ылайык жеке жактар тарабынан сакталууга тийиш болгон тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышын ырастоочу документтер, эгерде тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышы мындай документтерди берүү менен ырасталса;
4) транспорттук (ташуу) документтер;
5) бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн бошотуу менен ташып келүү шарттарынын сакталышын ырастоочу документтер, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жактын мүчө мамлекетте туруктуу жашаган жерине көчүп кеткен деп таанууну же чет өлкөлүк жеке жак тарабынан ошол мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык качкын же аргасыз мигрант статусун алгандыгын ырастоочу документтер;
7) ушул Кодекстин 260-статьясынын 1-пунктунун 11-пунктчасына ылайык бажылык декларациялоого тийиш болгон жеке колдонуу үчүн транспорт каражатын же мындай жеке колдонуу үчүн транспорт каражатынын бөлүктөрүн идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды камтыган документтер;
8) жеке пайдалануу үчүн транспорт каражатына ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ырастоочу документтер;
9) Комиссия аныктаган учурларда акча каражаттарынын жана (же) акча каражаттарынын келип чыгышын ырастоочу документтер;
11) ушул Кодекстин 260-статьясынын 11-пунктуна ылайык Комиссия аныктаган учурларда декларанттын атынан жана анын көрсөтмөсү боюнча иш алып барган адамдын ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним кат же башка документ.
2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерде жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу маалыматтар камтылбаса, мындай маалыматтар башка документтер менен ырасталышы мүмкүн.
...