Жашы жеткенден кийин толук аты-жөнүн кантип өзгөртүү керек?
#9367 | 15.04.2022 | Көрүүлөр: 1272
Мен 18 жашта болсом кантип толук аты-жөнүмдү өзгөртөм, бирок ата-энем ажырашып кеткен, атамды төрөлгөндөн бери көрө элекмин, нике күбөлүгүм жок.
Бул маселени ата-энелер билбестен кантип чечсе болот?
Толук аты-жөнүңүздү өзгөртүүгө укугуңуз бар. Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамынын 60-65-беренелеринин мазмунун окуп көргүлө, ал жерде баары “жазылган”. Мыйзамдын беренелеринин тексти менен интернеттен суроо-талап боюнча таанышууга болот.
Урматтоо менен,
юрист
Т.Умралиев
Саламатсызбы!
Кесиптештин жообуна кошумча катары: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 64-беренесинин талаптарына ылайык, жашы жете элек балдардын фамилиясы ата-энесинин экөөсү же алардын бирөө фамилиясын алмаштырганда өзгөрөт. Ата-эненин биргелешкен өтүнүчү боюнча бала он алты жашка чыкканга чейин жарандык абалдын актыларын жазуу органы баланын таламдарын эске алуу менен баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртөт. Эгерде ата-энеси өзүнчө жашаса жана бала менен бирге жашаган ата-эне балага анын фамилиясын берүүнү кааласа, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү бул маселени баланын таламдарына жараша жана башка ата-эненин пикирин эске алуу менен чечет. Ата-эненин пикирин эске алуу зарыл эмес, эгерде анын турган жерин аныктоого мүмкүн болбосо, ата-энелик укуктан ажыратуу, аракетке жөндөмсүз деп таануу, ошондой эле ата-энеси баланы тарбиялоодон жана багуудан жүйөлүү себептерсиз качкан учурларда.
Урматтоо менен, А.Сыдыков.
Байланыш маалыматтары: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.