91-берене. Жазаны өтөп жаткан карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан өндүрүп алуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.10.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

IV БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮ›12-глава. Карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен өндүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 91-беренеси, 06.10.2026 редакциясы.

1. Аткаруу документтери боюнча өндүрүп алуу түзөтүү жумуштарына соттолгон карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан соттун өкүмү же токтому боюнча жүргүзүлгөн кармоолорду эсептен чыгарып салуу менен 70 пайызы өндүрүп алынат.

2. Аткаруу документтери боюнча түзөтүү мекемелеринде, ошондой эле тергөө изоляторлорунда алар көрсөтүлгөн жарандар жагынан түзөтүү мекемелеринин функцияларын аткарып жаткан учурда жазасын өтөп жаткан карызкор - жеке жактардын эмгек акысынын 70 пайызы өндүрүп алынат, мында аларды көрсөтүлгөн мекемелерде багуу боюнча чыгымдардын ордун толтурууга чегерүүлөр алып салынат.